Содержание
Кудай менен биригүүгө жол Кудайдын Сөзү ким? Күнөөлөрдү жуу жана өлүмдү жеңүү Чиркөөнүн жаралышы Адамдын ички өзгөрүшү Жеке дубага чакыруу
Дин кызматчы Александр Сергеев Москва, 2026
Бүгүнкү күндө христиан өлкөлөрүндө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жердеги бакубаттуулукту жана татыктуу эмгекти издеп келген абдан көп мусулмандар жашап, иштеп жатышат. Бирок бул жерде аларды акча табуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, асмандагы башка кенч да күтүп турат. Ал жөнүндө алардын көбү дээрлик эч нерсе билишпейт. Бул китепче ар бир мусулманды Православ Чиркөөсүнүн рухий байлыгы менен таанышууга жылуу маанайда чакырат.
Дин кызматчы Александр Сергеев – православ дин кызматчысы, Москва рухий академиясынын магистратурасынын бүтүрүүчүсү, Москва шаарынын Отрадное районундагы Кудай Энесинин «Неопалимая Купина» («Күйбөгөн бадал») иконасы атындагы храмдын штаттык клириги, миссионери жана катехизатору.
Кудай менен биригүүгө жол
Бул китепченин максаты – мусулман эркекке же мусулман аялга Православ Чиркөөсүнө таандык кенч жөнүндө жылуу маанайда айтып берүү, ошол кенчти алар менен бөлүшүү жана аларга ушул кенчке ээ болууну сунуш кылуу. Анткени жакшы нерсенин баарын башкалар менен бөлүшүү адатка айланган. Христиандыктагы эң жакшы нерсе – Жаратуучу Кудай менен биригүү мүмкүнчүлүгү жана Анын даңкында Аны менен түбөлүк бирге болуу. Мындан жогору эч нерсе жок, анткени «Анда акылмандыктын жана билимдин бардык кенчтери катылган»1.
Кудай менен биригүү идеясы көптөргө ишке ашпай тургандай сезилет, анткени Кудай Өзүнүн маңызы боюнча жаратылган дүйнө менен чектелбейт. Ал абсолюттуу жана көзгө көрүнбөйт.
Христиан дини Кудайдын Өзүнүн табияты боюнча адам үчүн жеткиликсиз экенин моюнга алат. Ошол эле учурда адам Ага көтөрүлүп, Аны менен биригиши үчүн Кудай бардыгын жасаганын күбөлөндүрөт.
Жаратуучу Кудай түбөлүктүү, өзгөрбөс, адилеттүү, баарын билүүчү, бардык жерде болуучу, эч нерсеге муктаж эмес жана Өзүндө өмүргө ээ. Ал көзгө көрүнбөйт, чексиз. Ал – Рух, башкача айтканда, Ал материалдык эмес. Ал чексиз жакшылыкка ээ жана өтө ырайымдуу. Аны толук таанып билүү мүмкүн эмес. Ал эң акылман жана сүйүүгө толгон. Ал дүйнөнү алты күндө жоктон жаратып, адамды – эркек менен аялды, Адам ата менен Обо энени – жердин топурагынан жараткан2.
Өмүр дарагынын жемишинен жеп, алгачкы адамдар Кудай менен сырдуу түрдө баарлашып, Аны менен бирликте болуп, Кудайдын Өзүнүн өлбөс өмүрүнө толуп турушкан. Кудайдын мыйзамын бузуп, адамдар Кудай менен байланышын үзүшүп, өмүрүнөн жана өлбөстүгүнөн ажырашкан.
Адамдардын табиятына өлүм, оорулар, чирүү, күнөөгө жакындык кирди. Алар мусулмандар шайтандар деп атаган ыпылас рухтардын бийлигине түшүп калышты.
Кудай дүйнөгө пайгамбарларды жиберген. Алардын оозу менен Ал Өзүнүн Сөзү аркылуу бул дүйнөгө Өзү келип, адамдарды күнөөлөрүнөн, өлүмдөн жана түбөлүк жазадан куткара турганын алдын ала айткан. Бул аткарылды: дүйнөгө адам болгон Кудай келди. «Кудайга берилгендиктин сыры улуу: Кудай денеде көрүндү»3.
Кудайдын Сөзү ким?
Мындай суроо туулушу мүмкүн: Кудай кантип адам боло алды? Ал адамга айланып, Жаратуучу болбой калышы мүмкүн эмес да? Албетте, Жаратуучу Жаратуучу болбой калып, чектелген жаратылган нерсеге гана айлана албайт. Бирок Кудай кудуреттүү болгондуктан, адамдык табиятты Өзү менен бириктире алат, адамдык денени кабыл алып, чыныгы адам боло алат, ошол эле учурда Кудай жана Жаратуучу бойдон калат.
Мисалы, от темир менен бириге алат, ошол эле учурда өзү бойдон калып, от болуудан калбайт. Ыйык Китеп Кудайдын Өзүнүн Сөзү жана Өзүнүн Руху бар экенин үйрөтөт. Алар инсандык мүнөзгө ээ, башкача айтканда, «Мен» дей алышат, Алар бири-бирине тең; бул – Үч Инсан, үч «Мен», бирок ошол эле учурда бир Кудай. Христиан дини Кудай бир экенин, бирок үч Инсанда бар экенин үйрөтөт. Анын Өзүнүн Сөзү да, Өзүнүн Руху да инсандык мүнөзгө ээ. Бирок ошол эле учурда Алар бири-бирине тең, бири-биринен бөлүнгөн эмес жана үч Кудайды түзүшпөйт.
Адамда акыл, акылдан туулган сөз жана рух бар, бирок бул үч жан эмес, бир адамдын бир жаны. Ошондой эле күйгүзүлгөн үч шам – бир жалын, бир от, бирок ал бири-бирине тең үч шамда күйүп турат; күн да бирөө, бирок ал күн дискинен, жарыктан жана жылуулуктан турат. Ошол сыяктуу Кудай да табияты боюнча бир, бирок Инсандары боюнча үчтүк. Ата Кудай, Анын Сөзү жана Анын Руху бири-бирине тең, бири-биринин ичинде болушат, бири-биринен бөлүнбөйт, бири-бири менен аралашпайт, бирок Алардын ар бир – Чыныгы Кудай: Ата – Кудай, Анын Сөзү – Кудай жана Анын Руху – Кудай.
Куранга ылайык, Иса (Ыйса) – Кудайдын (Аллахтын) Сөзү: «Мариямдын уулу Масих Иса – Аллахтын элчиси, Анын Мариямга жиберген Сөзү жана Андан болгон Рух»4. Инжилге ылайык, Кудайдын Сөзү адам болду. «Башында Сөз бар эле, Сөз Кудай менен бирге эле, Сөз Кудай эле... Сөз адам болуп, биздин арабызда жашады»5.
Кудуреттүү Кудай (Ыйык Үч Бирдиктин Экинчи Инсаны, Кудайдын түбөлүк Сөзү) Кудай бойдон калып, адам да болду. Дүйнө Кудайдын Ошол Сөзү аркылуу жаратылган. Ал дүйнөгө келип, эркектин катышуусуз, Эң Таза Кыз Мариямдан адамдык дене менен жанды кабыл алып, күнөөсүз адам болду. Кыз Мариям аркылуу Ыйса бул дүйнөгө дене боюнча адам болуп төрөлдү. Пайгамбарлардын бири да бул дүйнөгө мындай укмуштуудай жол менен төрөлгөн эмес.
Демек, бул дүйнөгө эң адаттан тыш жол менен келген Ал бүт адамзат үчүн эң кадыр-барктуу жана эң маанилүү. Кудайдын Уулу дал ушундай болгон. Сөз бир эле учурда Кудай да, адам да болгон; Анда адамдык да, Кудайлык да бир Инсанда бириккен.
Инжилден биз бул дүйнөгө адам болуп келген Машаяктын укмуштуу кереметтерин билебиз. Машаяк – Кудайдын Сөзү. Ал тубаса сокурлардын көз алмаларын кайрадан жараткан, сокурларды, аксактарды, дүлөйлөрдү айыктырган жана өлүктөрдү тирилткен. Бул – чыныгы фактылар. Ал жиндердин үстүнөн толук бийликке ээ болгон.
Ал эч качан: «Оо, Кудайым, Мага жардам бер!» же «Кудайым, бул адамды тирилт!» – деп айткан эмес. Ал пайгамбарлардай суранган эмес. Ал Жаратуучу катары Өз бийлиги менен буйрук берген. Тарыхта бир да пайгамбар катуу соккон шамалды көрсөтүп: «Тынчтан!» – деп айта алган эмес. Бир да пайгамбар бир ооз сөз менен деңизди тынчыта алган эмес. Ал эми Машаяк бороон учурунда кайыкта туруп, шакирттери үрөйү учуп: «Устат, өлүп баратабыз!» – деп кыйкырышканда, табият күчтөрүнө жөн гана: «Тынч, басыл!»6 – деп буйрук берди. Деңиз Анын сөзүнө баш ийди.
Анын иштери Анын Кудайлыгын күбөлөндүрөт. Ал бул тууралуу Өзү ачык айткан: «Эгерде Мен Атамдын иштерин кылбасам, Мага ишенбегиле. Эгерде кылсам, Мага ишенбесеңер да, Менин иштериме ишенгиле»7.
Бул жөн гана кереметтер эмес, бул Кудайдын көрүнүшү болгон. Биз Үч Бирдиктин Экинчи Инсаны, Кудайдын Уулу адамдык денени кабыл алып, адам болуп, адамдык денеде Жаратуучуга гана таандык иштерди кылганына ишенебиз. Ал табият күчтөрүнүн, өмүр менен өлүмдүн үстүнөн толук бийлигин көрсөттү. Ал тургай Анын бузуку аялдардын жана күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн кечириши да замандаштарын катуу таң калтырган, анткени алар: «Жалгыз Кудайдан башка ким күнөөлөрдү кечире алат?» 8– деп түшүнүшкөн. Ал эми Ал муну жасап, баарына Өзүнүн Кудайлык бийлигин көрсөттү.
Күнөөлөрдү жуу жана өлүмдү жеңүү
Кудайдын Сөзү күнөөсүз болуп, адамдык Денеге жана жанга ээ болгондуктан, Ал Өзүнүн айкаш жыгачка кадалышына Өз ыктыяры менен жол берди. Анын Денеси азап чегип, ооруну сезди, Анын Эң Таза Каны бардык адамдардын күнөөлөрү үчүн айкаш жыгачта төгүлдү: «Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жараланды, мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды»9, «Ал Өзүнүн алдында турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка чыдады жана Кудайдын тактысынын оң жагына отурду»10, «Кудай дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди, Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп»11, «Биз али күнөөкөр болуп турганда Машаяк биз үчүн өлдү. Кудай бизге болгон сүйүүсүн ушундайча далилдейт»12, «Кудай Машаяк аркылуу адамдардын кылмыштарын эсептебей, дүйнөнү Өзү менен элдештирди»13. «Биздин Пасахабыз – Машаяк биз үчүн курмандыкка чалынды»14.
Ал адам катары чындап азап тартты, ал эми Кудай катары ошол учурда бардык жерде болуп, Өзүнүн адамдык денесинин өлүшүнө жол берди. Бирок бул дене Кудайдын Сөзүнөн ажырабагандыктан, Кудайдын Сөзү денени тирилтип, адамдык денеде кайра тирилди жана өлүмдү жеңди.
Ыйса Машаяктын Каны аркылуу биз күнөөлөрүбүз үчүн адилеттүү жазадан куткарылып, Кудайга жакындап, Аны менен элдешип, ыйыкталып, күнөөкөрдөн адил адамга айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз! Дал ошондуктан Ыйса Машаяктын кайра тирилип, өлүмдү жеңген күнү – Ыйса Машаякка ишенгендердин күнөөлөрдөн, каргыштан, өлүмдөн жана ибилистин бийлигинен кутулган күнү. Бизге түбөлүк өмүрдү жана күнөөлөрдүн кечирилишин берүү үчүн Машаяк баары үчүн өлүп, чындап эле тирилди! Кудайдын Сөзү болгон Ыйса тирилип, Өзүнүн Денесин тирилтип, өлүмдү жеңгенден кийин, кырк күн бою шакирттерине көрүнүп турду; алар Анын денесин кармап көрүп, азап тарткан ошол эле дене тирилгенине ынанышты.
Андан кийин Кудайдын Сөзүнүн бул денеси асманга көтөрүлдү. Андан соң ошол эле Сөз жердеги Өзүнө ишенген шакирттерине (элчилерге) Өзүнүн Рухун жиберет. Мунун максаты – ишенген адамдарды Ыйык Рух аркылуу күнөөлөрдүн кечирилишине, Кудайдын ыйыктыгына жана адилдигине ортоктош кылуу. «Кудайдын Уулуна ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ»15. «Ал эми Аны кабыл алгандарга, Анын ысмына ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлигин берди»16.
Ыйсанын шакирттери, башкача айтканда, элчилер, Андан Кудайдын атынан күнөөлөрдү кечирүү17, ооруларды айыктыруу, жиндерди (б.а. мусулман салтындагы шайтандарды) кууп чыгуу, өлүктөрдү тирилтүү бийлигин алышты. Бирок эң негизгиси – алар куткарылууга жана түбөлүк өмүрдө Кудай менен биригүүгө болгон үмүткө ээ болушту.
Чиркөөнүн жаралышы
Ыйсанын шакирттеринин жамааты Чиркөө деп атала баштаган. Алар бүткүл дүйнөгө куткарылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып, күбөлөндүрө башташты. Элчилердин сөзүнө ишенген адам аларга кошула алган. Ыйсанын шакирттери ишенгендерди чөмүлдүрүшкөн. Чөмүлдүрүлгөндөр сууга чөмүлүп, Ыйса Машаяктын өлүмүнө кирип, жамандык жана мурунку күнөөлүү жашоо үчүн өлүшкөн, ал эми суудан чыгып, тирилип, жаны жаңыланып, Кудайдын Сөзүнүн өлүмүнө жана тирилүүсүнө ортоктош болушкан18; ал Сөз алардын күнөөлөрүн Өзүнө алат. Ошентип Чиркөө пайда болуп, өсө баштады жана Православ Чиркөөсү деп атала баштады.
Кудайдын Сөзү болгон Ыйса Машаяк Өзүнүн шакирттерине: «Ошондуктан баргыла, бардык элдерди Атанын, Уулдун жана Ыйык Рухтун атынан чөмүлдүрүп, окуткула»19 – деген. Ыйса Машаяк үчүн улутка карата бөлүнүү жок, Ал бардык элдерди куткаруу үчүн келген. Ал – Муса айткан Ошол Пайгамбар: «Теңир Кудайың сага өз элиңден, бир туугандарыңдын арасынан мага окшогон Пайгамбарды чыгарат – Аны уккула»20.
Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өзүн курмандыкка чалган жана Кудайдын тактысынын алдында биз үчүн арачы болгон Башкы ыйык кызмат кылуучу. Ал – дүйнөнүн Падышасы, «бактылуу жана жалгыз Кудуреттүү, падышалардын Падышасы жана теңирлердин Теңири»21.
Ыйса Машаяк Өзүнүн шакирттерине бардык элдерди Кудайга жана Анын Сөзүнө ишенүүгө үйрөтүп, чөмүлдүрүүнү буйрук кылган. Шакирттер бул кабарды дүйнөнүн бардык бурчтарына жеткирүүгө өмүрлөрүн арнашкан. Чиркөөнүн бул миссиясы заман акырына чейин уланат. Күнөөлөрдүн кечирилиши, Кудай менен элдешүү, Аны менен биригүү мүмкүнчүлүгү, акталуу жана ыйыкталуу белеги – мунун баары бизге адам болгон жана биздин куткарылуубуз үчүн айкаш жыгачта өлүмгө барган Кудайдын Сөзү аркылуу берилген. Бул белек бардык элдерге, анын ичинде мусулман элдерине да арналган.
Адамдын ички өзгөрүшү
Христиан дини жөн гана эрежелердин жыйындысын эмес, Кудайдын кечирими, күнөөнүн кулчулугунан бошонуу жана Жаратуучу менен биригүү аркылуу бүтүндөй адамдын рухий жактан өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. «Эгерде Уул силерди бошотсо, чындап эле эркин болосуңар»22. «Машаяктын Каны... тирүү жана чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн абийирибизди өлүк иштерден тазалайт!»23.
Кечирим, жүрөктүн өзгөрүши жана Асман Падышачылыгында түбөлүк өмүргө ээ болуу аркылуу Кудай менен ушундай биригүү – ошол сонун Кенч. Биз ар бир адамды ушул Кенчке ээ болууга чакырабыз. Анткени Ыйса менен, башкача айтканда, Кудайдын түбөлүк Сөзү менен, Анын Чиркөөсүндөгү Чөмүлдүрүлүү аркылуу бириккен ар бир адам күнөөлөрдөн тазаланат, акталат жана өзү башкалар үчүн кенчке, караңгылыкта турган дүйнө үчүн жарыкка айланат!
«Асман Падышачылыгы талаага катылган кенчке окшош: аны таап алган адам жашырып коюп, кубанганынан барып, бар нерсесин сатып, ошол талааны сатып алат. Асман Падышачылыгы дагы жакшы бермет издеген соодагерге окшош: ал бир кымбат баалуу бермет таап, барып, бар нерсесин сатып, аны сатып алды»24.
Жеке дубага чакыруу
Ыйса – ар бир адамга келген Кудайдын түбөлүк Сөзү. Ыйсанын иштерин жана сөздөрүн урматтаган ар бир мусулман эркек же мусулман аял Ага жеке кайрыла алат: «Ыйса, Кудайдын Сөзү! Эгерде Сен менин күнөөлөрүм үчүн өлгөн болсоң, Өзүңдү мага ачып бер, күнөөлөрүмдү кечир, мага Өзүңдүн күчүңдү жана даңкыңды көрсөт. Куткарылуу чындап эле Сенин Чиркөөңдө Сага болгон ишеним аркылуу табыларын мага көрсөт».
Ал тургай Ыйсага пайгамбар катары чын жүрөктөн кайрылуу да куткарылуу жолунун башталышы боло алат. Инжилде биз Аны устат же пайгамбар катары гана кабыл алган көптөгөн адамдар Ага жардам сурап кайрылганда, Андан айыгууну, кечиримди жана көйгөйлөрүнүн чечилишин алышканын көрөбүз, анткени «...Теңирдин ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»25.
Ыйсанын ысмы менен жиндер куулат, күнөөлөр кечирилет, адам Кудай менен жандуу баарлашууга ээ болот. Эгерде Ыйса – Кудайдын Сөзү болсо, ал эми Кудай менен баарлашуу Анын Сөзү аркылуу гана мүмкүн болсо, анда динине же улутуна карабастан ар бир адам үчүн Кудай менен баарлашуунун толуктугу дал Ыйса аркылуу ачылат. Машаяк Өзү: «Мен – жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, эч ким Атага келбейт»26 – деген. Ага кайрылып, Ыйсанын ысмын чакырып көрүңүз, Ал Сиздин чын жүрөктөн кылган дубаңызга жооп берет. Ыйса бул дүйнөгө дал ушул үчүн келген. «Анткени асман астында адамдарга берилген, биз куткарыла турган башка ысым жок»27. «Эгерде күнөөлөрүбүздү моюнга алсак, Ал ишенимдүү жана адил болгондуктан, күнөөлөрүбүздү кечирип, бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт»28.
Кудайдын түбөлүк Сөзү болгон Ыйса Өзү Сизге кайрылат: «Мен – дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчиген адам караңгылыкта жүрбөйт, өмүрдүн жарыгына ээ болот»29. «Эй, бардык чарчагандар жана оор жүк көтөргөндөр, Мага келгиле, Мен силерди эс алдырам»30. «Мен – тирилүү жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет»31. «Тобо кылгыла, анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды»32, «...күнөөлөрүңөр жуулушу үчүн тобо кылып, Кудайга кайрылгыла»33. «Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү тобого чакырганы келдим»34. «Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, куткарылат»35. «Мен – өмүр нанымын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт»36. «Мен алар өмүргө ээ болушу үчүн, мол өмүргө ээ болушу үчүн келдим»37.
Бул саптарды окуп жаткан ар бир мусулман эркекке же мусулман аялга Ыйса Машаяк менен дубада жолугууга, Чиркөө аркылуу Чөмүлдүрүлүүдө Аны менен биригүүгө жана күнөөлөрдүн кечирилишин, ыйыктыкты, адилдикти, куткарылууну, түбөлүк өмүрдү жана бакытты алууга Теңир жардам берсин!
* * *
Примечания
Баш.1:27, 2:7.
Куран.4:171.
Жкн.1:1, 14.
Жкн.10:37–38.
Ыш.53:5.
Жкн.3:16.
Жкн.3:36.
Жкн.1:12.
Жкн.20:23 кара.
Мыйз.18:15.
Жкн.8:36.
Жкн.14:6.
Элч.4:12.
1Жкн.1:9.
Жкн.8:12.
Жкн.11:25.
Элч.3:19.
Жкн.6:35.
Жкн.10:10.